"Айыл Банк" касса функциясы бар Smart-Pos терминалдарын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Жалпысынан 70,5 миллион сомго 3 миң 50 Smart-Pos терминалын сатып алуу пландалууда. Бир терминал банкка 23 миң сомдон 30 миң сомго чейин туура келет.
Жабдууларды жеткирүү ушул жылдын ноябрь айынын аягына пландаштырылган.