“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча 1,3 млн сомго насыя берилди

28.03.2022, 17:58 Акчабар
“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору боюнча 1,3 млн сомго насыя берилди

Кыргызстанда 25-мартына карата “Айыл чарбасын каржылоо  10” долбоору боюнча 1 млн 350 миң 239,0 сомго 2707 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады.

Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 337030 ,0 миң сомго 801 насыя берилди, анын ичинен:

  • “Айыл Банк” ААК 151461,0 миң сомго 317 насыя;
  • “РСК Банк” ААК 185569,0 миң сомго 484  насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 971549,0 миң сомго 1881 насыя берилди, анын иченен:

  • “Айыл Банк” ААК 450084,0 миң сомго 773 насыя;
  • “РСК Банк” ААК 521465,0 миң сомго 1108 насыя.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча жалпы 41660,0 миң сомго 25 насыя берилди анын ичинен:

  • “Айыл Банк” ААК 32010,0 миңсомго 16 насыя;
  • “РСК Банк” ААК 9650,0 миң сомго 9 насыя.

“Жалпы бардыгы болуп 3 категория боюнча 1350239,0 млн сомго 2707 насыя берилди”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек,12-январда министрлер кабинетинин токтому менен “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбооруна республикалык бюджеттен 474 млн сом каралган. Ал эми “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору 2013-жылдан бери иштеп келип, насыялоонун жалпы каржылоосу 47 млрд сомго жетти. Насыя алгандардын саны 110 миңден ашат. Долбоордун максаты 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоорду Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Улуттук банк ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелинет. Ал эми өткөн жылы “Айыл Банк” ААК банк тарабынан 4,5 миң кишиге 2 млрд 300 млн сомго насыя берилсе, “РСК Банк” ААКтын 3 миң 860 жаранга 2 млрд 300 млн сомго насыя берилген.

Тэги: мал чарба өсүмдүк өстүрүү Айыл чарбасын каржылоо – 10

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу