“Ак-Тилек” пунктунда 180 оор жүк ташуучу унаа кезекте турат

22.02.2022, 11:47 Акчабар
“Ак-Тилек” пунктунда 180 оор жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайлары кадимки тартипте иштөөдө. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн, 22-февралда саат 10:30га карата кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын тыгыны байкалды. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө кезекте 180 оор жүк ташуучу автоунаа турат. Анын 60 автоунаасы жүк үчүн жөнөтүү документтерин күтүп жатышат.

“Жогорудагы өткөрүү жайында жүк ташуучу унаалардын тыгыны жүк ташуулардын көбөйүшү менен байланыштуу. Ал эми мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинен башка өткөрүү жайларында адамдардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны катталган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы бош жүк ташуучу унаалар Кыргызстандан Казакстанга “Кең-Булуң” көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу чыга аларын эскертет.

Айта кетсек, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Тэги: Мамлекеттик чек ара кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу