Спикер: Бизде газ дагы, нефть дагы жок. Биз акчаны кайдан табаарыбызды ойлонолу

12.09.2019, 16:30 Акчабар
Спикер: Бизде газ дагы, нефть дагы жок. Биз акчаны кайдан табаарыбызды ойлонолу

   “Бизде газ дагы, нефть дагы жок. Биз каяктан акча табыш керек экенибизди ойлонушубуз керек” – деп билдирди спикер Д.Жумабеков бүгүнкү пленардык жыйында. 

Ал каражатты табыш үчүн компания, ишканалар ачылыш керек деп белгиледи. 

 Андан сырткары спикер “КР өзгөчө экономикалык аймактар” жөнүндөгү мыйзам долбоорун ички рыноктун өнүгүшү үчүн колдош керек экендигин, эгерде бул мыйзам долбоору ишке кирсе өкмөт үчүн эң чоң жетишкендик болоорун   кошумчалады. , 

“Бул мыйзам долбоор ишке киргенде коррупциялык иштер жүрбөйбү?”   КСДП партиясынан Ч. Турсунбенков суроо салды. 

Депутат Махабат Мавлянова корупция болбош үчүн координаттык кеңешке бир гана мамлекет кызматкерлери эмес, ишкерлер дагы кирет деп билдирди. 

Ишкерлер коррупцияга аралаша албайбы?”  - Чыныбай Турсунбеков 

 Махабат Мавлянова коррупция болот же болбойт деп так айта албасын билдирди. 

Бул учурда “КР өзгөчө экономикалык аймактар” жөнүндөгү мыйзам долбоору каралып жаткан. Бул мыйзам долбоордун демилгечилери депутат - Мавлянова М.Э., Айдаров С.А., Жумабеков Д.А., Осмонова А.Ш., Туманбаева Р.М., Примов У.Б., Тиллаев Т.Г., Жунус уулу Алтынбек, Нурбаев А.М., Турускулов Ж.К., Жамалдинов З.И., Токтошев Э.Т.)

Тэги: Спикер Жумабеков Акча Мыйзам долбоору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу