«ФинансКредитБанктын» акционери акциялар пакетинин баасын 7,6 млн сомго төмөндөттү

15.12.2021, 13:19 Акчабар
«ФинансКредитБанктын» акционери акциялар пакетинин баасын 7,6 млн сомго төмөндөттү

“ФинансКредитБанктын” акционери Кыргыз фондулук биржасынын котировкалар бөлүмүндө сатуу сунушун жаңылады. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды.

Баалуу кагаздардын наркы 1,125 сомдон 0,844 сомго же 24,9 пайызга арзандады.

Мындан тышкары, 15-декабрдагы аукциондо акциянын бир бөлүгү – 1250 нуска, бир баалуу кагаз 0,844 сомдон сатылган. Муну менен бүгүнкү күндө жалпы баасы 22 млн 999 миң сомдук 27 млн 250 миң 31 акция сатыкка коюлуп, пакет 7,6 млн сомдон ашык суммага арзандады.

Кошумчалай кетсек, бир акциянын баасы 0,844 сом болгон банктын акцияларын чыгаруу баасынан 15,6 пайызга төмөн.

Эске салсак, “Акчабар” буга чейин акционер банктын 30,6 млн сомдук 5 пайыз акциясын сатыкка койгонун жазган.

 

Тэги: акции фондовый рынок Кыргызстан ФинансКредитБанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу