“ФинансКредитБанк” ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу 30-мартта болот. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Күн тартибинде тогуз маселе бар.
Алардын негизгилеринин бири банктын 2022-жылдагы кирешеси менен чыгашасын бөлүштүрүү, ошондой эле директорлор кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү болот.
Мындан тышкары, жыйында эсептөө комиссиясынын курамы бекитилип, 2023-жылга финансылык отчеттуулуктун аудити үчүн "ФинансКредитБанк" ААК аудитордук уюм тандалат.