“Айыл Банктын” акционерлери 3-декабрдагы кезексиз жыйынында банкты 2,5 миллиард сомго капиталдаштыруу чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу аталган каржы мекемесинен билдиришти.
Белгилей кетсек, ушул жылдын октябрынын аягындагы банктын каржылык отчетуна ылайык, уставдык капиталы 3 миллиард 524 миллион 620 миң сомду түзгөн.
Кошумча капиталдаштыруудан кийин банктын капиталы 6 миллиард 24 миллион 620 миң сомго чейин көбөйөт.
"Айыл Банктын" бирден-бир акционери мамлекет болуп саналат, өлкө ага 100% акциясы ээлик кылат.