Акциздик маркаларды даярдоо боюнча кызматты сатып алуу конкурсу 2-ноябрга чейин узартылды

26.10.2020, 09:35 Акчабар
Акциздик маркаларды даярдоо боюнча кызматты сатып алуу конкурсу 2-ноябрга чейин узартылды

Ведомстволор аралык конкурстук комиссия алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргызстан жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алуу конкурсуна табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтүн 2020-жылдын 2-ноябрында саат 15:00гө чейин узартты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Мурунку белгиленген мөөнөттү (2020-жылдын 26-октябры) жылдыруу чечими конкурстун катышуучуларына жагымдуу жана бирдей шарттарды түзүү максатында кабыл алынган. Атап айтканда, компаниялардын бири коронавирус пандемиясына байланышкан чектөөлөрдөн улам акциздик маркалардын үлгүлөрүн жеткирүү кыйынчылыгына байланыштуу конкурска катышууга табыштамаларды кабыл алуунун мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматы мурун алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргызстандан сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурс жарыялаган.

Конкурс мамлекеттик электрондук сатып алуулардын бир этаптуу эки пакеттүү ыкмасы менен өткөрүлөт.

Конкурска катышууга карата табыштамалар 2020-жылдын 2-ноябрында саат 15.00гө чейин Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар порталында кабыл алынат.

Кошумча маалыматты мамлекеттик сатып алуулар www.zakupki.gov.kg сайтынан жана Бишкек ш., Чүй проспекти, 219, № 73 каб., тел.: (0312) 61-46-57; 61-18-12 аркылуу алууга болот.

Тэги: акциз марка конкурс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу