АКШда кайра иштетилүүгө берилген бут кийимдер Индонезияга экспорттолгон

07.03.2023, 13:22 Акчабар
АКШда кайра иштетилүүгө берилген бут кийимдер Индонезияга экспорттолгон

АКШнын ири химиялык “Dow Inc” компаниясы жана Сингапур өкмөтү жарнама жасап, эски бут кийимдерди балдар ойноочу аянтчаларга жана чуркоого арналган спорт жабдыгын өндүрүүгө колдонорун жарыялаган. Элден кийилбеген бут кийимдерди берүүгө үндөшкөн. Иш жүзүндө АКШдан жыйналган эски бут кийимдер Индонезияга экспорттолгон. Бул тууралуу “Reuters” агенттиги иликтөө жүргүздү. 

Маалыматка ылайык, былтыр 2022-жылдын июль айында “Reuters" агенттиги 11 бут кийимди Сингапур өкмөтү жана АКШнын “The Dow Chemical Company” жетектеген кайра иштетүү долбооруна берген. 

Журналисттик иликтөөдө “Reuters” агенттиги маалыматты тактоо үчүн белекке берилген 11 жуп бут кийимге жашыруун чиптерди таккан. Бул чиптер аркылуу бут кийимдердин чын эле кайра иштетилип же иштетилбегенин тактоо пландалган. Чиптер аркылуу бут кийимдерди таап алууга мүмкүн болгон. 

Натыйжада “Reuters” агенттигинин кабарчысы Жо Брок Индонезиядагы бир нече “Секонд-хенддерден” чип коюлган бут кийимдерди таап чыккан. Алар жергиликтүү элдерге сатылып жаткан. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу