Банк системасынын активдери 25 млрд сомго көбөйдү

06.01.2020, 16:48 Акчабар
Банк системасынын активдери 25 млрд сомго көбөйдү

«2019-жыл Улуттук банк үчүн гана эмес, өлкөнүн бүт финансылык системасы үчүн жакшы көрсөткүчтөр менен аяктады. Жыл жыйынтыктары боюнча  банк системасынын активдери 25 млрд сомго же 11 пайызга жогорулады.  Насыялык портфель жана депозиттик база  15 жана 13 пайызга көбөйдү. Насыялар жана депозиттер боюнча долларлашуу төмөндөөдө. Жыл жыйынтыгы боюнча насыялык портфелдин  долларлашуусу 2,5 пайызга, ал эми депозиттик портфелдин долларлашуусу 6,4 пайызга төмөндөдү», — деп маалымдады УБ төрагасы  Толкунбек Абдыгулов 6-январь күнү президент менен жолугушуу учурунда. 

Ал кошумчалагандай, негизинен көбөйүү улуттук валютада берилген насыялар боюнча байкалууда. Насыялоонун көлөмүн кеңейтүү өлкөнүн бардык аймактарында белгиленип жатат.

Мамлекет башчысы өлкөнүн алыскы калктуу пункттарында кластердик долбоорлорду каржылоо, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү, төлөм карталарын,  банкоматтарды, POS-терминалдарды, төлөм терминалдарын кеңири жайылтуу зарылдыгын белгиледи.

Кыргызстандыктарга ашыкча бюрократиясыз кредиттик каражаттарды берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана ылдамдыгын жогорулатуучу «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына коммерциялык банктардын тезирээк кошулуусуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Тэги: банки экономика Кыргызстан Сооронбай Жээнбеков кредиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу