Акылбек Жапаров Чүй облусунун дыйкандары менен жолугушту

01.02.2022, 09:18 Акчабар
Акылбек Жапаров Чүй облусунун дыйкандары менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында фермерлер, айыл чарба кооперативдеринин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, район акимдери, жергиликтүү кеңештин депутаттары да катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарга токтолду. Ал белгилегендей, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга – 1,5 млрд сом, ирригацияга 1 млрд сом бөлүнгөн.

 “2021-жылы «Айыл чарбасын каржылоо-9» программасынын алкагында 10 407 айыл чарба өндүрүүчүсү жеңилдетилген насыяларды алган. Быйылкы жылы да айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү пайыз менен насыя берүүгө каражат бөлүнүүдө. Ошондой эле айыл чарба товарын өндүрүүчүлөрдү жогорку түшүмдүү үрөн менен камсыз кылууда мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Биз натуралдык чарбадан соода жүргүзүүчү айыл чарбасына өтүшүбүз керек, дыйкандардын натыйжалуу иштеши үчүн техника, үрөн, алдыңкы технологиялар, өндүрүлгөн продукцияны сатуу рыноктору менен камсыз кылышыбыз керек”, - деди ал. 

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

 

Тэги: сельское хозяйство Кыргызстан Акылбек Жапаров фермеры

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу