Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Эти Бакыр Терексай" тоо-кен ишканасынын башкы директору Вели Гёкдере менен жолугушту.
Ишкана жетекчиси билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика ишке берилет.
“Жолугушууда кыргыз-түрк ишканасынын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде экологиялык талаптардын жана социалдык милдеттенмелердин аткарылышы талкууланды”,- деп министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.
Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан. “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы – биргелешкен ишкана, капиталынын 25%ы – “Кыргызалтын” ААКсына, 75%ы “Эти Бакыр” түрк компаниясына тиешелүү. Ишканада 800дөн ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет.