Акыркы үч айда пенсия жана жөлөкпулга 13,5 млрд сом жумшалган

08.04.2022, 10:03 Акчабар
Акыркы үч айда пенсия жана жөлөкпулга 13,5 млрд сом жумшалган

Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында пенсия жана жөлөкпулга 13 млрд 575,3 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, март айында пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 4 млрд 534,2 млн сом түздү.

Ар бир аймакка  төмөндөгүчө сумма которулган:

  • Бишкек шаарында — 2 млрд 181,2 млн сом;
  • Чуй облусунда — 2 млрд 57,4 млн сом;
  • Нарын облусунда — 1 млрд 82,7 млн сом;
  • Ысык-Көл облусунда — 1 млрд 236,7 млн сом;
  • Талас облусунда — 565 млн сом;
  • Ош шаарында — 484,9 млн сом;
  • Ош облусунда — 2 млрд 502,0 млн сом;
  • Баткен облусунда — 1 млрд 118,4 млн сом;
  • Жалал-Абад облусунда — 2 млрд 346,9 млн сом.
  •  

Тэги: пенсия жана жөлөкпул Социалдык фонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу