Акыркы эки айда пландан тышкары 371 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

04.03.2022, 13:56 Акчабар
Акыркы эки айда пландан тышкары 371 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 6 млрд 671 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

План 5,9 %га же 371 млн сомго ашык аткарылган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 млрд 74,1 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 119,2 %).

“Анын ичинде февраль айында камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча белгиленген план 103,7%га аткарылган. 3 млрд 318,1 млн сом жыйналды, 118,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 240,1 млн сомго көп жыйналды”,- деп айтылат маалыматта.

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу