Кыргызстанда тамекилерге акциз санариптик башкаруу сыналууда

17.01.2022, 15:11 Акчабар
Кыргызстанда тамекилерге акциз санариптик башкаруу сыналууда

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта Мамлекеттик салык кызматы тамеки каражаттарына акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

1-февралдан тарта алкоголдук продукция боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Долбоор 2022-жылдын 1-июлуна чейин иштейт.

“Долбоорду Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – «Альфа Телеком» ЖАК менен биргеликте ишке ашырат. Долбоор салык жол-жоболорун фискалдаштырууну киргизүүнүн алкагында акциз салыгын башкарууну өркүндөтөт жана жөнөкөйлөтөт, милдеттүү маркалоого тийиштүү акциздик товарларды өндүрүү, импорттоо менен алектенген субъекттер үчүн жагымдуу шарттарды түзөт”, - деп түшүндүрүштү Салык кызматы.

Мындан тышкары, долбоордун жүрүшүндө алкоголдук жана тамеки продукцияларына же алардын таңгагына идентификациялоо каражаттарын колдонуу аркылуу бюджеттин кирешесине акциз салыгын төлөөнү ырастоо механизмдери апробацияланат.

 

Тэги: налог акциз табачные изделия ЗАО «Альфа Телеком» нацоператор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу