Кытайдагы эң масштабдуу электр товар сатуучу Alibaba Group компаниясынын жетекчиси Джек Ма өзүнүн 55 жылдыгында жетекчилик төрагалыктан кетет. Бул тууралуу Euronews билдирет.
Джек Манын айтымында, жетекчилик кызматка жаш инсан келиш керек. Ал өзүнүн ордун Alibaba Groupтун башкы директору – 47 жаштагы Чжан Дэниелге өткөзүп берет.
Кызматтан кеткенден кийин, Джек Ма кайрымдуулук жана билим тармагы боюнча алектенээрин билдирди.