30-31 январда Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

31.01.2020, 09:20 Акчабар
30-31 январда Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт

30-31-январда Алматы шаарында «Глобалдык экономиканын санариптүү келечеги» аталыштагы  Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт.  

Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон кыргыз делегациясынын курманда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар. 

Официалдуу делегациянын курамы: 

АБЫЛГАЗИЕВ Мухаммедкалый Дүйшекеевич - делегациянын башчысы, КР премьер-министри; 

РАЗАКОВ Жеңиш Парпиевич - КР вице-премьер-министри;

МУКАНБЕТОВ Санжар Турдукожоевич -  КР экономика министри;

КУЛУБАЕВ Жээнбек Молдоканович - КР Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси;

ЖУНУСОВ Болот Төлөгөнович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары;  

РАХИМОВ Кубатбек Калыевич - КР премьер-министринин кеңешчиси;

ТУРДАЛИЕВ Эдуард Климович - КР премьер-министринин кеңешчиси;

ТОРУТАЕВ Алтынбек Элимович - КР Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси; 

САЗБАКОВ Алмаз Замирбекович - КР Өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги иштери боюнча Атайы өкүлү;  

АЙДАРБЕКОВ Айбек Акматбекович - КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары; 

ТЫНЫСТАНОВА Мунира Макеновна - КР Өкмөтүнүн Аппаратынын санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы; 

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында 14 маселе талкууланат, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүүгө, мурда берилген тапшырмаларды аткарууга, санариптик транспорттук коридорлордун экосистемасын калыптандырууга, интеграциялык бирикмелердин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу Келишиминин үстүндө иштөөгө, эл аралык эрежелерди жана тажрыйбаларды эске алуу менен атайын коргоочу, антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин жакшыртууга тийиштүү маселелер бар.
 

 

Тэги: Алматы Евразия кеңешме форум делегация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу