Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун кеңсеси ачылышы мүмкүн

07.10.2022, 10:50 Акчабар
Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун кеңсеси ачылышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун (GGGI) башкы директору Махамаду Тункара, институттун Азия боюнча башкы директору Ачала Абейсин жана Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун ассамблеясынын төрагасы Пан Ги Мун менен жолугушту.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Кореянын Сеул шаарында өткөн Экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-корей комиссиясынын 5-жыйынынын алкагында өтүп, “жашыл” экономиканы өнүктүрүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап министрлер кабинети тарабынан берилген ыйгарым укуктарга ылайык, Экономика министрлиги Кыргызстанда "жашыл" экономиканы интеграциялоо саясатын жүргүзүп жатканын билдирди.

Анда министрлер кабинетинин "жашыл" өнүгүүгө акырындык менен өтүүнү камсыз кылууга көмөктөшүүчү кадамдары, алардын негизгилери "жашыл" энергетика, органикалык айыл чарбасы, экологиялык транспорт жана жашыл / климатты каржылоо тууралуу маалымат берилди.

Өз кезегинде GGGI өкүлдөрү институттун ишмердүүлүгү, өнөктөштөрү, стратегиялык натыйжалары, "жашыл" инвестициялар үчүн кандай кызматтар көрсөтүлүп жаткандыгы жана башкалар жөнүндө маалыматтарды камтыган презентацияны тартуулашты.

Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү бекемдөө үчүн кыргыз тарап Кыргызстанда Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун кеңсесин ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга жана алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууга үмүт артышты.

Тэги: новости Кыргызстана зеленое развитие

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу