Экономика министри: «1.5 млрд долларды Кыргызстандын калкы «жазданып жатат»

27 февраля 2020, 17:00

 1.5 млрд долларды Кыргызстандын калкы «жазданып жатат». Бул тууралуу маалымат жыйында КР Экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

«Өкмөт бул каражаттардын улуттук экономикага салынышына кызыктар. Ага байланыштуу капиталдын легалдаштырылышы же амнистиясы жөнүндө мыйзам долбоору демилгеленген. Өкмөт божомолдогондой, каражаттардын жарымы экономиканы өнүктүрүү үчүн ишканаларга жумшалат»,- деп билдирди Муканбетов.

Ал аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөндүгүн белгиледи.

«Эгерде ал капиталды легалдаштыруу процесси убагында өтсө, каражаттар кайдан келип чыккандыгын эч ким издебейт жана жарандар куугунтуктоого алынбайт»,- деди министр.

Аны менен бирге Санжар Муканбетов 2018-жылы Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 23,6 пайызды түзгөндүгүн кошумчалады.