1-класстын окуучулары үчүн атайын автобус ишке киириши мүмкүн

28 августа 2020, 10:30

Билим берүү министрлиги 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүү маселесин уюштурууну карап чыгуусу шарт. Бул тууралуу өкмөт башчы Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны​нда билдирди. 


Штабдын чечимине ылайык, жаңы окуу жылында 1-класстын окуучулары мектепке барып окушат, калган класстын окуучулары, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн режиминде билим алат. 


«Коомдук транспортто илдеттин жугуу тобокелчилиги жогору экенин эске алуу менен, Билим берүү министрлиги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1-класстын окуучуларынын мектепке барып-келүүсүн уюштуруу маселесин карап чыгуусу шарт. Бул маселе өзгөчө шаарларга тийиштүү», - деди Кубатбек Боронов.


Өкмөт башчы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын аралыктан билим алуусуна шарт түзүү үчүн саналгы жана уюлдук телефон менен камсыз кылуу маселесин чечүү керектигин кошумчалады.