100 граммдык алтын куймалары бир күндө 15 долларга көтөрүлдү

9 июня 2021, 12:30

Бүгүнкү күнгө карата 31 граммдык (трой унциясы) алтын куймалардын сатуу баасы 168 390 сомду түздү. Бир күндө куймалардын баасы 407 сомго же 4,8 долларга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

1 грамм салмактагы куймалар 6 миң 664 сомдон, 2 грамм 12 миң 210 сомдон, 5 грамм 29 миң 192 сомдон сатылууда.

100 граммдык куймалардын баасы 1 миң 331 сомго, же 15,7 долларга жогорулады, муну менен 537 миң 462 сомдон 538 миң 793 сомго чейин көтөрүлдү.