100 күндө үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды

29 января 2024, 09:40

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндө үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Программа былтыр пилоттук негизде башталып, Бишкектин Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ийгиликтүү ишке ашкан. Анын алкагында 800 адам окутулуп, анын 570и сертификат алды.

Жалпысынан 100 күндө 900гө жакын бала мектепке чейинки билим берүү менен камтылды.