Өкмөт 100 миң сомго чейин насыя алгандардын баарына жардам бербейт

8 декабря 2020, 13:30

Өкмөт мамлекеттик бюджеттин эсебинен 100 миң сомго чейин насыя алгандардын 3 айлык үстөк пайызын төлөп берерин билдирген. Финансы министрлиги билдиргендей, бул үчүн атайын 1.2 млрд сом бөлүнгөн. 

Белгилей кетсек, 100 миң сомго чейин насыя алган бардык кыргызстандыктарга тең жардам берилбейт. Финансы министрлиги 248 финансы-насыя уюмдары менен бирге пайыздарды субсидиялоо боюнча макулдашууну жүргүзөт. Бирок, жардам финансы-насыя уюмдары тарабынан сунушталган гана жарандарга көрсөтүлөт. 

Маалым болгондой, 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь, февраль айындагы үстөк пайыздар төлөнүп берилет. 

Эске сала кетсек, бул жардам экономикалык амнистиядан түшкөн каражаттардын эсебинен бөлүнөт.