«Бишкектеплосеть» ААК акционерлери дивиденддерди төлөө маселесин талкуулайт

30 июля 2020, 17:43

11-августта «Бишкектеплосеть» ААКнын баалуу кагаздарынын кармоочуларынын жалпы жыйыны болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргыз фондолук биржасынын расмий сайтында айтылат.

Күн тартибинде сегиз маселе бар. Башкыларынын бири – жылдык бюджетти бекитүү, 2019-жыл үчүн киреше жана чыгашаны эсептөө.

Ошондой эле акционерлер 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча түшкөн кирешени бөлүштүрүүнү талкуулайт.

Кошумчалай кетсек, андан сырткары Коомдун 2020-жылга карата бюджети талкууланат.