Өлкөдө талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды

15 марта 2023, 13:14

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Өкмөттүн 2017-жылдын "Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн.

Анын ичинен бүгүнкү күндө 47си ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды, - деп айтылат маалыматта.