«Электр станцияларынын» 1,3 млн акциясы 989.5 миң сомго сатылды

29 марта 2023, 17:00

Бүгүн Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен ири бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.

Экинчи базардагы сооданын жыйынтыгында бир колго 989 миң 850 миң сомго 1 миллион 292 миң 232 нуска акция сатылган. Акциянын баасы 0,766 сомду түздү.

Ошондой эле, биржанын экинчилик рыногунда Кредиттик союздардын Финансылык компаниясынын 602 миң 409 акциясы дээрлик жарым миллион сомго (бир акция үчүн 0,83 сомдон) сатылган.