1,5 млн казакстандык 90 күндөн ашык мөөнөтү өтүп кеткен насыяларын төлөштү

30 апреля 2021, 16:30

Эки кредиттик бюронун тизмесиндеги болжол менен 6,7 миллион казакстандык 10 жыл ичинде насыяларын төлөштү. Бирок алардын 1,5 миллиону терс насыя тарыхына ээ, деп жазат Казинформ.

Бюро белгилегендей, 1,5 миллион кардар төлөмдөрдү 90 күндөн ашык убакыт кечиктирүү менен төлөп бүткөн. Насыя тарыхчасы бузулган кардарлар кийин банктардан жана микрокредиттерден кредит ала алышпайт.

Казакстандын Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги тарыхтарды сактоо мөөнөтүн 10 жылдан 5 жылга чейин кыскартууну сунуштайт. Бул көбүрөөк социалдык таасир берет.

Анын ичинен 5 жылдан ашуун убакыттан бери төлөнө элек насыяларды 489 миң адам, ал эми 7 жана 10 жылдан ашыгын - тиешелүүлүгүнө жараша 107 миң адам төлөп берген», - деди Казакстандын Финансы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасынын орун басары Нурлан Абдрахманов.