«Бишкеккурулуштун» 163 акционери 3,8 млн сомдон дивиденд алышты

23 декабря 2022, 09:50

“Бишкеккурулуш” ААКсы 2022-жылга карата акционерлерге дивиденддерди төлөп жатканын жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Алсак, 1 миң 226 акционерге 4 миллион 586,5 миң сом бөлүнгөн.

“Алардын ичинен 163 баалуу кагаз ээлери 3 млн 768,1 миң сом алышкан. 81 834 баалуу кагаздын калган ээлери келбегендигине байланыштуу каражат алышкан жок”, - деп билдирди КФБ.