17-февралга карата Токтогул суу сактагычында 10 млрд 44 млн куб метр суу бар

17 февраля 2021, 09:30

Бүгүн, 17-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 44 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 268 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 535 куб метрге жетүүдө.