19-февралга карата күйүүчү майдын баасы төмөндөдү

19 февраля 2021, 15:10

Ири май куюучу жайлар боюнча  сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 19-февраль күнү, саат 10:40 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 0,51% төмөндөдү. 

 

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 38, 7 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 38, 4 сомго, суюлтулган газ - 24, 65 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 38, 5 сомду, АИ-95 - 39, 5 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 46, 5 сом менен жана Bishkek Petroleum 49,9  сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 37, 9 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

- «Партнер Нефть» - сом менен;
- Bishkek Petroleum - 23,9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
- «Газпром нефть» - 25, 4 сом менен  (Бишкектеги үч май куюучу жай).