2 сентябрда Samsung жаңы продукциясын көргөзөт

22 июля 2020, 14:00

Экинчи сентябрда түштүк кореялык Samsung Electronics ишканасы жаңы продукцияларын онлайн режимде көргөзөт. Бул тууралуу ишкананын пресс-релизине таянып, ТАСС басылмасы жазып чыкты.

Life Unstoppable аталышындагы иш-чарада ишкана өзүнүн уюлдук телефондор, компьютерлер, сыналгылар, аудио жана тиричилик техникалары тармагындагы акыркы иштеп чыккан долбоорлорун көрсөтүүнү убадалады.

«Меймандар виртуалдык саякат аркылуу көңүл ачуу, чыгармачылык жана натыйжалуулук максаттарына кызмат кылган Samsung продукцияларын көрө алышат»,-деп айтылат маалыматта.

45 мүнөттүк презентациянын жүрүшүндө кандай продукциялар көрсөтүлө тургандыгын такталган жок.

Бешинчи августта Samsung Electronics ишканасынын Galaxy Unpacked аталышындагы дагы бир онлайн-иш-чарасы болот, анда корпорация беш мобилдик продукциясын көрсөтөт. Yonhap агенттигинин маалыматтарына караганда, алардын катарына Note 20 фаблети, Fold 2 жана Flip 5 бүктөлө турган смартфондору, Buds Live зымсыз кулаккаптары жана Watch 3 смарт-сааттары кирет.