2019-жылдын 9 айында экспорттун көлөмү 7,0 % көбөйгөн

23 марта 2020, 17:00

2019-жылдын тогуз айында экспорт 1965,5 млн АКШ долларын түзүп, 7,0% көбөйгөн, ал эми импорт 4903,8 млн. АКШ долларын түзүп 7,3% азайган. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. 

Соода балансынын терс сальдосу 15% га азайган, бул экспортту көбөйтүү жана импортту азайтуу аркылуу соода балансынын жакшыргандыгын күбөлөндүрөт.

Өлкөдө импорттолгон товарлардын ордун алмаштыруу байкалууда, бул өзгөчө төмөнкү товарлардын түрлөрүнө карата: текстиль өнөр жайы (импорт 9,7 % кыскарган, экспорт 36,4 % өскөн, өндүрүү 15,7 % өскөн), териден жасалган буюмдар (импорт 2,1 эсеге кыскарган, өндүрүү 20,8 % өскөн), цемент (импорт 2,3 % кыскарган, экспорт 23,3 % өскөн, өндүрүү 3,9 % өскөн).