2019-жылы Каржы полициясы 6,7 млрд сомго бузууларды аныктаган

8 февраля 2020, 09:00

31-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын аталган ведомствонун 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча Коллегиясынын отуруму олуп өттү. Анда ыкчам-тергөө ишмердүүлүгүнүн маселелери жана аткаруу жана кызматтык тартибинин абалы каралды. Бул тууралуу каржы полициясынын басма сөз кызматы кабардады.

Каралып жаткан отчеттук мөөнөт ичиндеги бузуулардын көлөмү 6 млрд 706,9 млн сомду түзүп, ал былтыркы жылга салыштырмалуу 475,1 млн сомго көп. Ал каражаттын ичинен  5 млрд 323,9 млн сом бюджетке кайтарылып, ал 2018-жылга салыштырмалуу 972,1 млн сомго көбөйгөн.

Аталган жыйынтыктар ишмердүүлүктүн натыйжалуулугунун өсүү динамикасынан кабар берет, анткени 2019-жылы Кызматты колдоого республикалык казынадан 216 млн сом сарпталган, ал эми ЖККМК тарабынан бюджетке кайтарылган каражаттын саны 5 млрд сомдон ашкан.

Былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу кайтырлган каражаттардын жалпы көлөмүнүн өсүшүнөн тышкары, каражатты РОК аркылуу кайтаруу үлүшү дагы өстү. Муну менен 2019-жылы 2 млрд 783 млн сом кайтарылган, ал 2018-жылга салыштырмалуу 809 млн сомго көп.