2019-жылы Кыргызстанда 335 чакырым жол асфальтталган

21 февраля 2020, 11:30

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча республика боюнча 335 километр жолго асфальт салынган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

«Былтыркы жылдан бери ар бир район менен шаарда жок дегенде 3 километр жол асфальтталган. 2019-жылы 40 райондук борбор менен 8 шаарда жалпысынан 141 чакырым жол асфальтталган».

Ошондой эле анын айтымында, бул жылы 150 километр жолго асфальт жаткыруу пландалууда.

Өлкө башчы ички жолдорду куруу айыл жергеси үчүн актуалдуу экендигин белгиледи.

«Калк жолдордун начар сапатына арызданып келет. Айылдарда ички жолдор дээрлик жокко эсе экендигин билебиз, алардын баардыгы талкаланган. Ошондуктан биз жылына жок дегенде 3 чакырымдан жол оңдоп турсак, жакынкы жылдарда ички жолдордун абалын жакшырта алабыз»,-деди Сооронбай Жээнбеков.