2019-жылы «Айыл банк» 3,2 млрд сомго баалуу кагаздарды чыгарган

27 февраля 2020, 11:10

2019-жылы Мамлекеттик каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы баалуу кагаздардын 42 - чыгарылышын ишке ашырган, алардын жалпы көлөмү 8 млрд 455,95 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу аталган кызматтын 26-февралда өткөн коллегиясында төрагасы Арзыбыек Кожошев билдирди.

Катталган кагаздардын ичинен 16сы негиздөөчү чыгарылыш болуп, алардын суммасы 119,99 млн сомду түзгөндүгү,  ал эми калган 26сы кошумча чыгарылыш болуп, суммасы 8 млрд 335,95 млн сомду түзгөндүгү белгиленүүдө.

Андан сырткары, 42 чыгарылыштын ичинен 13ү жабык акционердик коомдор тарабынан реализацияланып, суммасы 108,3 млн сомду түзгөн.

27 - чыгарылыш ачык акцтонердик коомдор тарабынан ишке ашырылып,  237,6 млн сомго бааланууда, ал эми 2 чыгарылыш жоопкерчилиги чектелген коомдор тарабынан реализацияланып, суммасы 110 млн сомду түзгөн.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, эң көлөмдүү эмиссиялар «Айыл Банк», «Росинбанк» жана «РСК Банк» ААКлар тарабынан ишке ашырылып, эмиссиялардын көлөмү 3 млрд 268,7 млн сомду, 3 млрд сомду жана 125,5 млн сомду түзгөн.