2019 - жылы Каржы министрлигинин бюджетти 14,9 млрд сомго толукталган

12 февраля 2020, 17:00

2019-жылдын январь-декабрь айларында мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгаруу бюджетти 14,9 млрд долларга толуктаган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган каражаттын жарымынан көбүн, тагыраак айтканда 9,5 млрд сомун МКО (мамлекеттик кыскамөөнөттүү облигациялар) камсыздаган.

  • 2 жылдык МКО – 1,2 млрд сом;
  • 3 жылдык МКО – 1 млрд сом;
  • 5 жылдык МКО – 2,3 млрд сом;
  • 7 жылдык МКО – 4,7 млрд сом;
  • 10 жылдык МКО – 255 млн сом.

МКВ (мамлекеттик казыналык векселдери) жайгаштыруунун эсебинен 5,3 млрд сом түшкөн, алардын ичинен:

  • 12 айлык МКВ – 757 млн сом;
  • 6 айлык МКВ – 2,2 млрд;
  • 3 айлык МКВ – 2,3 млрд сом.