2020-жылы баалуу металлдардын экспорту 43.3% өскөн

26 ноября 2020, 10:25

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорттун көлөмү бир гана Кыргызстандыкы – 22.1% өскөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.

Комиссиянын берген маалыматына ылайык, экспорттун өсүшү баалуу металлдардын 43.3%  экспорттолушу (жалпы экспорттун 73.2% ээлейт) менен байланыштуу. Минералдуу продукциялар боюнча көрсөткүч 20.5% төмөндөгөн, тамак-аш продукция жана айыл-чарба сырьёсу – 2.3%, машина, жабдык жана транспорт каражаттары – 15.3% кыскарган.

Армениянын үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорту 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 1.5% төмөндөгөн. Белорусияда көрсөткүч 24.9% кыскарган. Мунну себеби, химиялык продукциялардын 17% кыскарышы менен байланыштуу.

Андан сырткары, экспорт Казакстанда дагы 18.2%, минералдуу продукциялардын экспорту 23.6% кыскарышы менен төмөндөгөн. Россияда экспорт 23.1% төмөндөгөн. Минералдуу продукциялардын экспорту 36.4% төмөндөгөн.