2020-жылдын биринчи кварталында мигранттардан которулган акча 19%га кыскарган

27 мая 2020, 11:20

2020-жылдын биринчи чейрегинде эмгек мигранттарынын акча которуулары 19%га кыскарды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги онлайн маалымат жыйыны учурунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

 

Анын айтымында, 2020-жылдын биринчи чейрегинде жеке жактардын акча которуулары 343 млн долларды түзүп, былтыркы жылга караганда 19%га кыскарган.