2020-жылдын 5 айында бюджеттик жоготуулар 14 млрд сомду түздү

11 июня 2020, 17:30

Быйылкы жылдын 5 айында бюджеттик жоготуулар 14 млрд сомду түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

 

Анын айтымында салыктар боюнча 6,4 млрд сом түшпөй калган.

«Бажы төлөмдөрү боюнча 7,7 млрд сом түшкөн жок. Жалпысынан 14 млрд сом жоготуу болду», - деди ал.