2020-жылы Кыргызстанга ЕАЭБден которулган каражаттын көлөмү төмөндөдү

17 ноября 2020, 17:15

Евразия экономикалык комиссия өзүнүн докладында ЕАЭБден Кыргызстанга жана Арменияга которулган каражаттын көлөмү төмөндөп жатканы баяндалган. 

Пандемиянын кесепетинен улам ЕАЭБ өлкөлөрүндө акча которуулардын көлөмү төмөндөй баштайт. 

Армени жана Кыргызстан үчүн акча которуулардын кыскаруусу терс таасирин тийгизет. Себеби, башка өлкөлөрдөн которулган каражаттар - үй бүлөнүн кирешесинин олуттуу бөлүгүн түзөт. 

Белгиленгендей, 2008- жана 2014-жылдагы кризис маалындагы учурду салыштырып карасак, азыркы пандемияга байланышкан абалдын таасири абдан чоң болот.