2020-жылы 207 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн

28 декабря 2020, 10:00

2020-жылы Кыргызстанда 207.5 чакырым жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдирди. 

 

 

Анын айтымында, жасалган иштер үстүбүздөгү жылдын бюджетинен жана капиталдык салымдардын эсебинен алынган. 

Үстүбүздөгү жылдын эсебинен 11.8 км жол жана капиталдык салымдардын эсебинен 195.7 км жол оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Ошону менен бирге эле башкы объектердин — 17.9 км жолу, Балыкчы — Корумду — 22.5 км, райондук борборлордун — 155.3 км жолу жасалды.