2020-жылы кыргызстандыктардын электр энергияга болгон талабы төмөндөгөн
Кыргызстандын Улуттук электр тармагы берген маалыматка ылайык, электр энергияга болгон талаптын көлөмү 3% төмөндөгөн.
Борбордук диспетчердик кызматтын оперативдүү маалыматында, 2020-жылдын август айында кыргыз энергосиистемасына болгон талаптын көлөмү 849 млн 493 миң киловатт-саатты түзгөн.
Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде электр энергияга болгон талап саатына 876 млн 263 миң киловатты түзгөн.