2020-жылы Казакстандын камсыздандыруучу компаниялары 994 млн $ киреше табышкан

10 ноября 2020, 09:40

2020-жылдын январь-сентябрь айларында Казакстандын камсыздандыруучу компаниялары 994 млн доллардан жогору киреше табышкан. Бул тууралуу banker.kz порталы жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, бир жыл ичинде түшкөн таза кирешенин көлөмү 51.9% жогорулаган. Салыктарды төлөгөндөн кийин таза кирше 236.6 млн долларды түзгөн. Анын ичинен 178.6 млн доллар - жалпы камсыздандыруудан түшкөн киреше жана 58 млн доллар  - өмүр бою камсыздандыруудан келип түшкөн.