2020-жылы пенсия жана жөлөк пулга 39.5 млрд сом бөлүнгөн
2020-жылдын январь-октябрь айларында пенсия жана жөлөк пулду төлөө үчүн 39 млрд 488.6 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Социалдык фонддон маалымдашты.
Ведомство берген маалыматка ылайык, облустар аралык төлөмдөр төмөндөгүчө жүргүзүлгөн:
- Бишкек — 6.4 млрд сом;
- Чүй облусу — 6 млрд;
- Нарын облусу — 3.1 млрд;
- Ыссык-Көл облусу — 3.6 млрд;
- Талас облусу — 1.6 млрд сом;
- Ош — 1.4 млрд;
- Ош облусу — 7.2 млрд;
- Баткен облусу — 3.1 млрд;
- Жалал-Абад облусу — 6.7 млрд.
2020-жылдын октябрь айында пенсия жана жөлөк пул төлөөгө бюджеттен 4.1 млрд сом бөлүнгөн.