2021-жылды ишкердикти колдоо жылы деп жарыялоо сунушталды

22 декабря 2020, 14:00

Кыргызстанда 2021-жылды «Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо» жылы деп жарыялоо сунушталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев билдирди.

 

 

Анын айтымында, пандемия учурунда бизнес тармагы оор жоготууларга учурады.

«Өткөн жума күнү бизнес-акыйкатчы тарабынан президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кат жиберилген. Анда 2021-жылды «Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо» жылы деп жарыялоо сунушталган. Анткени системдик өзгөрүүгө өзгөчө маани берилип, реформа жүргүзүүгө кезек келди деп эсептейбиз», - дейт Мусуралиев.