2023-жылы импорттун көлөмү 5.2 млрд $ чейин жогорулашы мүмкүн

31 августа 2020, 13:00

ЕАЭБдин алкагында үчүнчү өлкөлөр менен болгон соода кызматташтыкты күчөтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул кыргыз товарларынын чет жакка чыгуусуна дагы шарт түзөт. Муну менен катар тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылы  6.6 млрд долларга, 2023-жылы 7.2 млрд долларга жогорулайт. Бул тууралуу  республиканын каржы министрлиги билдирди.

Андан сырткары, товардын экспортун 2022-жылы 2 млрддан 2.3 млрд долларга жогорулатуу пландалууда. Бирок, 2023-жылга чейин кайрадан 2 млрд долларга төмөндөшү мүмкүн деген божомол бар. Экспорттун орточо номиналдык темпи 2021-23-жылдары 3.3% түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан жер-жемиш, кийим-кече, пахта, цемент, ысытуучу лампалар көп экспорттолот.  

Товарлардын импорту 2023-жылга чейин 4.6 млрд доллардан 5.2 млрд долларга чейин жогорулары белгиленген.

Өлкөгө кирген мунай заттары, жаратылыш газы, кара металл жана андан жасалган буюмдардын эсебинен импорттун көлөмү орточо эсеп менен 5% жогорулайт.