2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин көлөмү 6.4% өсөт

13 октября 2020, 14:00

2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттин кирешеси 24.6 млрд сомду түзөт. 2020-жылдан тарта болгону 6.4% гана жогорулайт. 2020-жылдын аягында тушкөн каражаттын суммасы 23 млрд 38 млн сомго жетет. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады. 

Ошентип, «2021-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө» өкмөттүн токтомунун долбоорунда жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү болжолдонууда. 2020-жылы 16,8 миллиард сом, 2021-жылы - 15,1 миллиард, 2022-жылы - 17,8 миллиард, ал эми 2023-жылы - 18,3 миллиард киреше күтүлүүдө.

Бирок белгиленген мезгилде мамлекеттик бюджеттин колдоосу 200 миллион сомго кыскарат жана 2023-жылга чейин трансферттердин көлөмү 2,8 миллиард сомду түзөт. Быйыл республикалык бюджет жергиликтүү бюджеттерге 3 миллиард сом өлчөмүндө жардам берет.