Улуттук статистикалык комитет 2024 - жылы экинчи ирет асыл тукум малдарды каттоону жүргүзөт

13 февраля 2020, 09:15

Асыл тукум малдын курамы негизинен айыл - чарбага каттоо учурунда эсептелет. Бул тууралуу 11-февралда маалымат жыйында айыл-чарба статистикасы бөлүмүнүн жетекчиси Гүлзейнеп Мурсабекова билдирди.

«2003 - жылы биз малдын асыл тукумдуулук курамын алгачкы жолу эсептелген каттоону жүргүзгөнбүз. 2014-жылы каттоонун жыйынтыгына ылайык, малдын 70 пайызы асыл тукум эмес болгон» ,- деп билдирди Мурсабекова.

Анын айтымында, азыркы учурда ведомство 2020 - 2024 - жылдардагы дүйнөлүк айыл-чарба каттоо ишинин алкагында, малдын асыл тукумдуулугун эсептей турган экинчи ирет каттоо жүргүзөт.

«Андан сырткары, айыл-чарба министрлиги малдын асыл тукумдуулугунун курамын эсептөө боюнча өзүнүн бир катар динамикалык иш-чараларын жүргүзүүдө»,- деди ал.