Кыргызстандын экспортунун 21%ы айыл чарба продукциясына туура келет

1 июня 2023, 14:18

Ушул жылдын үч айында Кыргызстандан 37 миллиард сомдон ашык товар экспорттолду. Анын ичинен 7,9 миллиард сому айыл чарба продукциясына туура келет. Мындай маалыматты Айыл чарба министрлиги билдирди.

Муну менен өлкөнүн экспортунун товардык түзүмүндө айыл чарба продукциясынын жана тамак-аш азыктарынын үлүшү 21%ды түздү.

  • Мал чарба продукциясы 1,2 миллиард сомду тузду. Бул айыл чарба продукциясынын жалпы экспортунун 15% түзөт.
  • Өсүмдүк өстүрүү – 3,2 млрд сом (39,8%).
  • Кайра иштетилген айыл чарба продукциясы – 3,6 млрд сом болду. Бул айыл чарба продукциясынын жалпы экспортунун 45,2%ына туура келет.