Кыргызстандын жарандыгы 2300дөй адамга берилди

21 января 2022, 18:00

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду.

Ага ылайык, 2253 адамга жарандык берилди. Алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт. Ошол эле учурда 244 киши өлкөнүн жарандыгынан чыкты.

Белгилеп кетсек, жалпысынан жарандык алуу тууралуу 2497 өтүнүч келтирилген (1923ү чоңдор жана 574ү балдар).